Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту (сүрөт)

Кыргызстандын президенти түркмөн лидерине жылуу кабыл алуусу жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирди

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 28-ноябрда, Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ) 15-саммитине катышуунун алкагында Ашхабад шаарында Түркмөнстан Республикасынын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен жолугушту.

Өлкө лидерлери кыргыз-түркмөн мамилелеринин учурдагы абалын, ЭКУ саммитинин күн тартибиндеги долбоорлорду, ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулашты.

Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухамедов Президент Садыр Жапаровду жылуу куттуктап, Ашхабад шаарында өтүүчү ЭКУнун юбилейлик саммитине катышууга анын чакыруусун кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал Уюм маанилүү аймактык түзүм экенин баса белгилеп, түркмөн тараптын ЭКУга мүчө мамлекеттер менен өз ара пайдалуу кызматташууну улантууга даярдыгын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын лидерине жылуу кабыл алгандыгы жана чакыруусу үчүн ыраазычылык билдирип, бул биргелешкен кызматташтыктын учурдагы абалын талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк экенин белгиледи.

Садыр Жапаров белгилегендей, кыргыз тарап Түркмөнстан менен соода-экономикалык, энергетикалык жана башка тармактарда кызматташууну тереңдетүүгө өзгөчө маани берет.

Мамлекет башчылары Кыргызстан менен Түркмөнстандын элдеринин жыргалчылыгы үчүн эки тараптуу кызматташтыкты мындан ары да бекемдөөгө жана тереңдетүүгө өз ара даяр экендиктерин билдиришти.

Президентик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх