Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз жоголду. УКМК буга атайын кызматтын эч кандай тиешеси жок деп ишендирди

Партиялаштары аны УКМКнын имаратында болушу мүмкүн деп болжолдошууда

Бүгүн, 29-ноябрда “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров дайынсыз жоголгондугу тууралуу маалымат тарады.

Ушул эле партиянын мүчөлөрү Мияров Kaktus.media агенттиги менен болгон маегинде алардын лидери УКМКда болушу мүмкүн экенин айтышты. Аны кечээтен бери көрүшпөгөнү такталып жатат.

«Андан кийин биз да, үй-бүлөсү да аны менен байланыша албай жатабыз. Анын телефону өчүк. Ал башка эч жерде көрүнгөн жок. Мүмкүн ал УКМКда жаткандыр», — деп жазат басылма «Ордо» партиясынын мүчөлөрүн.

Ал арада УКМКнын басма сөз борбору Vesti.kg сайтына Мияров алардын имаратында жок экенин жана суракка чакырылбаганын билдирди.

Түшүндүрүп кетсек, “Ордо” партиясы бир күн мурун, 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоого катышты.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх