Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров: Равшан Женбеков жеңишке жетишсе бошотулат деген үмүттө добуш берди

Президенттин айтымында, ал журналисттер анын бюллетенин сүрөткө тартып аларын билген эмес

Президент Садыр Жапаров парламенттик шайлоодо Равшан Женбековго добуш бергенин тастыктады. Бул тууралуу мамлекет башчы Фейсбук баракчасына жазды.

"Ооба. Мен добушумду камакта жаткан талапкер Равшан Жээнбековго бердим. Ал азыр камакта. Анын күнөөлүү же күнөлүү эмес экенин укук коргоо органдары менен сот чечет. Алардын иштерине кийлигишкенге эч кимибиздин акыбыз жок. Мындан ары система анан мыйзамдар так иштеш керек. Кыргызстандыктар ошого көнүшүбүз керек."

Ал эми эмне үчүн Равшан Жээнбековго добушумду бердим.

Камакта жаткан адамдар мейли күнөөсү барбы же жокпу анысына карабай мусапыр болушат. Боорум ооруйт. Андан сырткары, Равшан Жээнбеков 2017-жылдагы менин ахыбалымдай камакта жатат. Мен да 2017-жылы камакта жатып президенттик шайлоого катышам деп арыз бергем. Бирок мени Атамбаев шайлоого катыштырган эмес. Равшан болсо катышып жатат. Балким өтүп кетсе, камактан чыгып калаар беле деген эле оюм болду. Башка эч бир сыры жок. Кудай өзү көрүп турат. Саясатташтырбагыла. Антип менин бюллетенимди журналисттер сүрөткө тартып аларын билгенимде сагыраак болмок экем.

Эскерте кетсек, буга чейин интернетте Садыр Жапаров добуш берүү учурунда урнага салам деген бюллетендин сүрөтүн талкуулашкан. Равшан Женбековдун фамилиясынын маңдайында белги болгон.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх