Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Текебаев: Азырынча күрөш бүтө элек. Биз эч качан шайлоочуларыбызды уят кылбайбыз

«Ата Мекендин» лидери кыргызстандыктарга колдоо көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди

“Ата Мекен” партиясынын лидери, депутаттыкка талапкер Өмүрбек Текебаев кыргыз элине көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, күрөш али бүтө электигине ишендирди. Саясатчынын кайрылуусу Facebook социалдык тармагында пайда болду.

«Ата Мекен партиясын колдогонуңуз үчүн рахмат. Биз силерди эч качан уят кылбайбыз. Аз каражат жумшап, бир топ натыйжалуу иштерди жасадык. Иликтөө боюнча биз лидерлердин тобунда болгонбуз. Бирок фальсификация, административдик ресурс колдонуу, каржылык басымдын аркасында биздин добуштар уурдалып кетти. Бийликти жактаган партияларга добуштар кошулду. «Ата Мекен» партиясынын мүчөлөрү ынтымактуу, иштешти. Урматтуу талапкерлер, күрөш али бүтө элек. Шайлоонун жыйынтыгы кандай болбосун, эл өзүнүн жарандык позициясын көрсөттү», - деди Текебаев.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх