Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттик аппарат: Ипотекалык кредит берүүнүн мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга чейин көбөйтүлдү

Ошондой эле документте ипотекалык насыялоо мөөнөтү да 15 жылдан 25 жылга чейин жогорулатат

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2021-жылдын 3-ноябрында кабыл алынган “Мамлекеттик ипотекалык турак жай насыясы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Бул мыйзамдын максаты Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн турак жайдын жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу.

Мыйзам менен инвесторлордун/эл аралык донорлордун каражаттарынын эсебинен бериле турган ипотекалык кредиттердин шарттары эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салынары каралган. Бул өз кезегинде Кыргыз Республикасында ипотекалык турак жай насыясынын шарттарын кыйла жеңилдетет.

Ошондой эле, мыйзам менен ипотекалык насыялоонун мөөнөтү 15 жылдан 25 жылга узартылат.
Аталган өзгөртүүлөр жер-жерлерде жогорку квалификациялуу эмгек ресурстарын бекемдөө, эл аралык макулдашуулар менен жөнгө салына турган инвесторлордун/эл аралык донорлордун катышуусу менен иштелип чыккан турак жай программаларынын алкагында турак жайга ээ болуу үчүн шарттарды түзөт.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх