Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тазабек Икрамов: Негизинен шайлоо таза өттү

Депутат пара алуу жана мыйзам бузуу боюнча катталган фактыларга юридикалык баа берилиши керектигин белгиледи

Жогорку Кеңештин депутаты Тазабек Икрамов шайлоо таза өттү деп билдирди. Бул тууралуу ал бүгүнкү жыйында билдирди.

Эл өкүлү катталган пара алуу, мыйзам бузуу фактыларына юридикалык баа берилиши керектигин белгиледи.

"Мен шайлоочуларыма ыраазычылык билдиргим келет" деди ал. - Негизинен шайлоо таза өттү. Бирок, паракорчулук, бир нече жолу мыйзам бузуулар болгон, аларга юридикалык баа берилиши керек. Сунушталган акчага, кысымга карабай эл өз талапкерлерин тандап алды.

Белгилей кетсек, шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча №13 Сузак шайлоо округунан депутаттыкка талапкер Тазабек Икрамов 11 миң 646 добуш (31,39%) алды.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх