Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

"Бишкек үчүн күрөш башталышы керек". Гуля Алмамбетова депутаттыкка талапкерлигин коюуну чечти

Бишкек мэринин экс-кеңешчиси шайлоо өнөктүгүнө акчасы жок, демөөрчүлөр табылат деп үмүттөнүүдө

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматовдун мурдагы кеңешчиси Гуля Алмамбетова Vesti.kg сайтына депутаттык мандат үчүн ат салышуусу тууралуу пикирин билдирди.

Анын айтымында, ал Свердлов шайлоо округунан кайра шайлоого катышууга ниеттенүүдө.

«Укуктук мамлекетти куруу – оор жумуш», - деп белгиледи Алмамбетова. - Албетте, биздин шайлоо системасы дүйнөдөгү эң мыкты система эмес. Добуштарды эсептөө менен ишти жакшырта турган болсок, чынчыл адамдын элдин тандоосу болууга мүмкүнчүлүгү жогору. Мэрияда иштеп жүргөндө депутаттардын Бишкекке болгон мамилеси мага жаккан жок. Алар борборду жеке кызыкчылыктарын ишке ашыруучу жай катары көрүшкөн. А бирок Бишкектин Жогорку Кеңеште өкүлү жок. Бишкек үчүн күрөш башталышы керек – мен аны баштагым келет.

Каржылык жагын комментарийлеп жатып, муниципалитеттин мурдагы өкүлү шайлоо өнөктүгүнө каражаты жок болсо да, каражат чогултуп, демөөрчүлөрдү издөөнү пландап жатканын баса белгиледи.

-Бүгүн банктардын бири менен жолугушуум бар, ал жактан эсеп ачам, - деди Алмамбетова. - Мен такыр бай адам эмесмин, үгүт иштерине каражат чогултам.

Эске салсак, Бишкектин Биринчи Май жана Свердлов райондорундагы шайлоочулардын көбү “Баарына каршы” графасына добуш беришкен. Жогоруда аталган округдар боюнча кайра шайлоо өткөрүлөт.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх