Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жылдык алты пайыз менен насыя бере баштайбыз». Садыр Жапаров дыйкандарга кайрылды

“Жылдык жүгүртүү 8 миллион сомдон ашса гана салык алынат”

Президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасына дагы бир билдирүү жазды. Бул ирет ал жер салыгынан бошотуу темасына токтолду.

Анын айтымында, келерки жылы мамлекет дыйкандарга жылдык алты пайыз менен насыя бере баштайт. Бирок дыйкандардын баарын дароо эле камсыз кылуу мүмкүн эмес – бул үчүн президент 3-4 жыл убакыт коротууну убада кылууда.

Садыр Жапаровдун жарыясын төмөндө сунуштайбыз:

«Бүгүн мен айыл-чарбасына байланыштуу жарлык чыгардым. Бул жарлыка ылайык дыйкандар менен фермерлер жер салыгынан бошотуласыздар. Бул иш, аз да болсо сиздерге жеңилдик берүү, дыйканчылыкты колдоо максатында болуп жатат. 2022-жылдын 1-январынан баштап сугат жер, кайрак жер, жайыт жана чөп чабыш жерлерге салык төлөбөйсүздөр. Сиздер төлөй турган салыкты өкмөт республикалык казынадан төлөп турабыз. Мындан сырткары, келе жаткан жылы дыйкандар менен фермерлерге жылдык үстөк 6 пайыз менен насыяларды бере баштайбыз. Албетте, бир жылда бардык дыйкандар менен фермерлерди насыя менен толук камсыз кыла албайбыз. Буюрса, биздин эсеп боюнча, алдыдагы 3-4 жылда барыңыздарды толук камсыз кылууга жетишебиз.
Биздин негизги максатыбыз сиздерге шарт түзүп берип, мамлекетти тамак-аш коопсуздугу менен камсыз кылуу.
Буга чейин жерлерибиздин көпчүлүк бөлүгү айдалбай, эч нерсе себилбей келген. Мындан ары бир гектар сугат жер болсо да айдалбай калбаш керек. Жергиликтүү бийликтегилер - айыл өкмөт, аким, президенттин облустардагы өкүлдөрү, бул маселеге керт башыңар менен жооп бересиздер. Ошондуктан азыртадан катуу көңүл буруңуздар. “Айыл банк” жана “РСК банк” менен тыгыз иштей баштаңыздар.
Тамак-аш коопсуздугу дейбиз. Эгер өз жерлерибизди айдап сеппесек, кайдагы тамак аш коопсуздугу? Азыр көпчүлүк тамак-ашты импорт кылып жатабыз. Тескерисинче, экспортко чыгарып турганга жетишибиз керек. Ал үчүн мамлекет сиздерге болгон күчүбүздү аябай жардам беребиз. Өз кезегинде сиздер да колуңуздарга тийген насыяны башка жакка жумшабай, максаттуу пайдаланып, мамлекетке жардам беришиңиздер керек.
Мындан сырткары, жылдык обороту 8 млн сомго жетпеген  ишкерлерди салыктардын бардык түрүнөн бошоттук. Соцфонд менен киреше салыгынан башкасын.
Жылдык жүгүртүмү 8 млн сомдон ашса гана салык төгүшөт. Бул дагы ылдыйкы катмардагы бизнес менен алектенгендер үчүн өкмөт тараптан материалдык колдоо жана ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү болуп саналат.”.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх