Садыр Жапаров 2020-жылы канча киреше тапканы белгилүү болду
Салык кызматы кыргызстандык чиновниктердин декларациясын жарыялады
Салык кызматы 2020-жыл үчүн Бирдиктүү салык декларациясын тапшырган мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кирешелери, чыгашалары жана мүлкү боюнча маалыматтарды жарыялады.
Ошентип, былтыр Садыр Жапаров бир нече ай премьер-министр болуп иштеген. Декларацияга ылайык, анын кирешеси 247 953, 37 сомду түзгөн.
Жапаровго 6 гектар айыл чарба багытындагы жер тилкелери катталган.
Аянты 50,7 чарчы метр болгон үй, 389 чарчы метр үй Садыр Жапаровдун жакындарына катталган. Жана гараждын аянты 17,2 кв.м.
Ошол эле учурда декларацияда биринчи айым Айгүл Жапаровага тиешелүү “Үмүт булагы” фонду көрсөтүлгөн.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www