Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеште жаңы чакырылыштагы депутаттар качан иштей баштайт? БШКнын жообу

Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгарылат

Парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгы 18-декабрга чейин чыгарылат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына БШК мүчөсү Абдыжапар Бекматов билдирди.

Анын айтымында, учурда айрым шайлоо участкаларында бюллетендерди кайра саноо уланууда.

- 18ине чейин добуш берүүнүн жыйынтыгы чыгарылат, - деди Бекматов.- Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы чыккандан кийин депутаттар Жогорку Кеңештин регламентине ылайык иштей башташат.

Ошол эле учурда, парламенттин спикеринин м.а Аида Касымалиева, келерки жума Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын акыркысы болот.

«Азырынча келерки жума 6-чакырылыш үчүн акыркысы болот деп пландап жатабыз. Кийинки, 18-декабрда шайлоонун расмий жыйынтыгы чыгарылып, жаңы парламент иштей баштайт”, - деп жазган ал социалдык тармактарда.

Ал арада парламенттин басма сөз кызматы Vesti.kg сайтына 6-чакырылыш жаңы депутаттар келгенге чейин ишин уланта турганын түшүндүрдү.

Эске сала кетсек, Жогорку Кеңештин регламентине ылайык, жаңы чакырылыштын биринчи жыйыны шайлоонун жыйынтыгы аныкталгандан кийин 15 күндөн кечиктирилбестен өткөрүлөт.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх