Кадыр Атамбаев: Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон күнү шаардагы автобустарды элге ким өткөрүп берди?
Бишкек мэри транспорт бир гана укук коргоо кызматкерлери үчүн бөлүнгөнүн ишендирди
БГКнын кезектеги жыйынында депутат Кадыр Атамбаев “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болгон күнү жаалданган элге муниципалдык автобустарды ким бергенин сурады.
«Аны эч ким өткөргөн жок», - деп жооп берди Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев. - Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан коомдук тартипти камсыз кылуу максатынкда өздүк курамды ташуу үчүн транспорт бөлүп бергени тууралуу расмий телефонограмма келген. Мындай практика бар. Автобустарда «жаалданган эл» болгон эмес. Ал жерде милиция кызматкерлери болгон. Эгер сизде фото же видео далилдер болсо бериңиз. Автобустар укук коргоо органдарына гана бөлүнгөн деп кепилдик бере алам.
Эске сала кетсек, 1-декабрда Park Hotel мейманканасынын жанында белгисиз бирөөлөр Өмүрбек Текебаевге кол салышкан. Көз айнегин сындырып, телефонун тартып алышкан. Саясатчынын айтымында, аны автобуска отургузуп, «эркекче» сүйлөшүүгө алып кетүүнү көздөгөн 70тей адам болгон. Текебаев бул окуяны парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгын талашуу аракети менен байланыштырды.
Медина Купсулдаева
Сүрөт www