Кудайберген Базарбаев: 40 миң жакыр үй-бүлөгө ун, өсүмдүк майы берилет
Коомдук долбоорлорго катышуу үчүн ар бир үй-бүлөгө 150 кг буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы берилет
Россиядан быйылкы байытылган буудай унунун акыркы партиясын келүү аземине Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев, Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко жана Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргыз Республикасындагы директорунун милдетин аткаруучу Майкл Хаггинс катышты. .
Орусияда өндүрүлгөн ун БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Бишкек жана Ош шаарларындагы кампаларына жеткирилди.
Жеткирүү өлкө боюнча айылдык жамааттарды колдоо, 2022-жылы мектептерде балдарды ысык тамак менен камсыздоо максатын көздөйт.
1430 миң тоннага жакын ун берилди -дейт Базарбаев.
«Биз бул унду 40 миң жакыр үй-бүлөлөрдүн азык-түлүк коопсуздугун жана тамактануусун жакшыртуу үчүн таратабыз. Ошондой эле улуттук мектеп тамактандыруу программасы үчүн колдонулат.
Коомдук долбоорлорго катышканы үчүн ар бир үй-бүлөгө 150 кг буудай уну жана 15 литр өсүмдүк майы берилет. Бул долбоорлорго ирригациялык тармактарды жана айдоо жерлерди реабилитациялоо, токойлорду кеңейтүү, айылдарда көпүрөлөрдү жана дренаждык системаларды куруу кирет. Жалпысынан 500дөн ашык мындай долбоорлор ишке ашырылат», - деди министр.
Россия Федерациясы Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын эң ири донору экендиги айтылды. Акыркы 10 жыл ичинде Россия өкмөтү Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы аркылуу кыргыз жарандарына ар кандай деңгээлде колдоо көрсөтүп келет: жардам берүү жана калыбына келтирүүдөн баштап, коомчулукту өнүктүрүүгө жана социалдык коргоого чейин.
ЭСӨМ басма сөз кызматы
Сүрөт www