Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

БГКнын орун басары Бишкек мэриясынын кызматтык унаасы максатсыз пайдаланылып жатканын айтты

Муниципалитет ички иликтөө жүргүзө турган комиссия түздү

Бүгүн, 10-декабрда Бишкек шаардык кеңештин депутаты Дайырбеков президиумдун жыйынында шаардык транспорт башкармалыгына бекитилген «Фольксваген Пассат» маркасындагы (мам.No 0035 ВС) кызматтык унаа башка максатта колдонулуп жатканын билдирди. .

Кызматтык иликтөө жүргүзүү үчүн комиссия түзүлгөнүн борбор калаанын мэриясы билдирди. Анын жыйынтыгы боюнча корутунду берилип, ага ылайык муниципалитеттин жетекчилиги тиешелүү чечим кабыл алат.

Комиссия “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 44-беренесине, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы No674 Мыйзамына ылайык түзүлдү.

Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх