Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмираттарына иш сапары менен барат
Министрлер кабинетинин башчысы «ЭКСПО 2020» көргөзмөсүнө барат
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмиратына жумушчу сапары менен барат.
Сапардын жүрүшүндө бир катар эки тараптуу жолугушуулар өтөт.
Ошондой эле Министрлер Кабинетинин башчысы Дубай шаарындагы «EXPO 2020» көргөзмөсүнүн алкагында Кыргыз Республикасынын Улуттук күнүнө арналган иш-чарага катышып, ошондой эле Дубай шаарындагы «Dubai Smart City» жана шаарларды туруктуу өнүктүрүү концепциясына негизделген технологиялык экошаардын долбоору саналган Абу-Даби шаарындагы «Masdar City» менен таанышат.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын жумушчу сапарынын алкагында «Кыргызстан - Бириккен Араб Эмираты - 2021» туристтик роуд-шоу, бизнес-форуму өтөт, анын жүрүшүндө B2B форматындагы жолугушуулар жана сүйлөшүүлөр өткөрүлмөкчү.
Министлер кабинетинин мааалымат кызматы
Фото www