Эдил Байсалов: Өлкө президенти ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу милдетин койду
Өкмөт мүчөлөрү 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын планын талкуулашты
Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасын ишке ашыруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Иш-чаралар планынын долбоорунун коомдук талкуусу өттү.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов белгилегендей, аталган План элдин талабына, Мамлекет башчысынын саясатына ылайык келип, конкреттүү иш-чараларды жана милдеттерди камтуусу тийиш, аларды ишке ашыруу жарандардын бакубаттуулугун жана Улуттук программанын максаттуу индикаторлоруна жетишүүнү камсыздоосу зарыл.
«Өлкө президенти тарабынан экономикалык өсүштү камсыз кылуу жана социалдык маселелерди чечүү аркылуу ар бир жарандын жашоо шартын жакшыртуу боюнча так милдеттер коюлду. Ар бириңиздерди документти талкуулоого активдүү катышууга жана өз сунуштарыңызды киргизүүгө чакырам, ал үчүн биз ачыкпыз. Белгилей кетсек, документ азырынча тиешелүү министрликтер менен ведомстволордун сунуштарынын негизинде даярдалган документтин долбоору», - деди Эдил Байсалов.
Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары ар бир сунуш иликтенип, олуттуу түрдө иштелип чыгаарына ишендирип кетти.
Иш-чарага ошондой эле министрлик жана ведомстволордун жетекчилери, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Белгилесек, Кыргыз Республикасынын Президентинин үстүбүздөгү жылдын 12-октябрындагы Жарлыгы аркылуу Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасы бекитилген.
Министрлер кабинетинин мааалымат кызматы
Фото www