Бекболот Талгарбеков: Эртең Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча УКМКга сурак берет. Анын маанайы сонун
Мурдагы чиновниктин айтымында, бир нече күндөн кийин экс-президент кайрадан Москвага учуп кетет
Эртең Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте суракка алынат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына өкмөттүн аппаратынын экс-жетекчиси Бекболот Талгарбеков билдирди.
Анын айтымында, ал аэропортко барып, Акаевди тосуп алган.
- Аскар Акаевич Кыргызстанга Кумтөр ишине катышуу үчүн келген, - деди Талгарбеков. - Акыркы жолу жүрүп жаткан тергөө иштерин толук бүтүрүүгө үлгүрбөй калды. Эки-үч күнгө учуп келди, анан кайра Москвага учуп кетет. Аэропорттон тосуп алдым, маанайы сонун.
Элдос Казыбеков
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз