Улуттук статистикалык комитет: 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 8,6 миң убактылуу коргоо ордери берилген
Өткөн жылы кризистик борборлорго 10 миң адам кайрылса, алардын көбү аялдар
Өткөн жылы кризистик борборлорго жана калкка социалдык-психологиялык жардам көрсөткөн башка атайын мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 10 миңге жакын адам кайрылган, алардын көбү (86 пайызы) аялдар. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылгандардын жана кризистик борборлорго кайрылгандардын басымдуу бөлүгүн (37 пайызын) 18-34 жаштагы аялдар түзөрү көрсөтүлгөн. Ал эми үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болуп, жардам сурап кайрылган эркектер курактык топтор боюнча бирдей бөлүштүрүлгөн. Бирок 50 жаштан жогоркулар бул курактагы аялдарга караганда үй-бүлөлүк зомбулукка эки эсе көп кабылган.
Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулук фактылары боюнча 8,6 миң убактылуу коргоо ордери берилген, бул 2019-жылга салыштырмалуу 32 пайызга көп. Мындай өсүш көбүнесе ички иштер органдарынын үй-бүлөлүк зомбулук фактыларына чара көрүүнүн жакшырышына, участкалык милиция кызматкерлеринин коргоо ордерлерин берүү боюнча ишмердүүлүгүнө, мындай фактыларды ички иштер органдарынын натыйжалуулугун баалоо критерийлерине киргизүүгө байланыштуу. Ошондой эле COVID-19 пандемиясынын учурунда үй-бүлөлөрдөгү социалдык чыңалуу күчөгөн.
Маалым болгондой, эгерде 2020-жылы үй-бүлөлүк зомбулук боюнча козголгон жана сотторго кароого жиберилген кылмыш иштеринин саны 2016-жылга салыштырмалуу 1,7 эсеге көбөйсө, 2019-жылга салыштырмалуу тескерисинче 1,9 эсеге азайган.
Үй-бүлөдөгү зомбулуктан (жаракаттан) дарылангандардын саны 2019-жылдагы 1425 адамдан 2020-жылы 1085ке же 24 пайызга кыскарган. Өткөн жылы үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдардын саны эркектердикинен 2,8 эсе көп болгон.
Сүрөт www