БШК бирдиктүү округ боюнча парламенттик шайлоонун жыйынтыгын чыгарды
Кол менен эсептөөнүн жыйынтыгы автоматтык урналардын маалыматтарынан анча деле айырмаланбайт
Борбордук шайлоо комиссиясы бирдиктүү шайлоо округу боюнча парламенттик шайлоонун акыркы жыйынтыгын бекитти. Бул тууралуу Vesti.kg агенттигине БШКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кол менен эсептөөгө ылайык, 6 партия парламенттен орун алат.
“Ата Журт Кыргызстан” партиясы 15, “Ишеним” – 12, “Ынтымак” – 8, “Альянс” – 7, “Бүтүн Кыргызстан” – 5, “Ыйман Нуру” – 5 мандатка ээ болот.
БШКда белгиленгендей, автоматтык жана кол менен эсептөөнүн ортосунда чоң айырмачылык болгон жок.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз