Кытай элчилиги Кыргызстандагы мектептерге 2,6 миллион сом берди
15 билим берүү мекемесине эмеректер жана жабдуулар сатылып алынган
Кытай элчилиги кыргыз мектептерине 2 миллион 600 миң сомдук эмерек жана жабдууларды тапшырды. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Кытайдын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин каржылык колдоосу менен республиканын бардык аймактарынан 15 мектепке окуу эмеректери жана техникалык жабдуулар сатылып алынды:
- 360 комплект студенттик парталар отургучтары менен;
- 30 комплект мугалимдик столдор жана отургучтар;
- 30 китеп текчеси;
- 30 окуу кабинети жана 7 интерактивдүү доска;
- 7 лазердик проектор.
Куттуктоо сөзүндө Билим берүү министрлигинин башчысы Болотбек Купешев Кытай тараптын Кыргызстанга көрсөткөн кезектеги жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.
Өз кезегинде Элчи Ду Дэвэн кыргыз-кытай мамилелерин жана эки мамлекеттин ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыктын жыйынтыктарын жогору баалап өттү.
Жолугушуунун соңунда тараптар бул багыттагы өнөктөштүктү улантып, республиканын алыскы аймактарында жайгашкан муктаж болгон мектептердин материалдык-техникалык базасын жакшыртууга биргелешип аракеттерди көрүүнү макулдашышты.