Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бүгүн Аскар Акаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте акыркы сурак берип жатат

Экс-президент Москвага учууну пландап жатат

Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаев Кумтөр иши боюнча күбө катары Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетте кезектеги сурак берүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына премьер-министрликтин экс-жетекчиси Бекболот Талгарбеков билдирди.

Анын айтымында, бүгүн Акаев тергөөчү менен акыркы сүйлөшүүдө — эки-үч күндүн ичинде экс-президент Москвага учуп кетет.

Ал арада УКМКнын басма сөз борбору азырынча комментарий алуу үчүн жеткиликсиз жана Акаевдин Кыргызстанга келиши боюнча бир дагы билдирүү жасай элек.

Эскерте кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына Аскар Акаевдин Кыргызстанга келгени маалымдалган. Ал Кумтөр алтын кенин иштеткен компаниянын иши боюнча тергөө менен кызматташып жатканы белгилүү.

Акаев Кумтөр боюнча кылмыш иши боюнча көрсөтмө берүү үчүн ушул жылдын август айында Кыргызстанга учуп келген.

Элдос Казыбеков
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх