Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК Баткен-Лейлек жолунда белгисиз бирөөлөр унааларды таш бараңга алган деген маалыматты четке какты

Чек ара кызматы жарандарды жалган билдирүүлөр менен чек арадагы кырдаалды курчутпоого чакырат

Соцтармактарда 16-декабрда Баткен-Лейлек жолунун Самаркандек айылында белгисиз адамдар өтүп бара жаткан унааларды таш бараңга алышты деген маалымат тараган (аудио жазуу) чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу КР УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.

Чек ара кызматы жогорудагы аудиожазууларды текшерди: Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу, ошондой эле чек арага жакын жайгашкан аймактардын калкы менен иштөө - маалымат тастыкталган жок. Мындан тышкары, аталган жол тилкеси аркылуу өткөн КР жарандарынан кайрылуулар жок.

Кечээ, 16-декабрда Баткен-Лейлек унаа жолунун Эки-Таш тилкесинде эки республиканын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жыйынтыгында тараптардын чек ара тозоттору көрсөтүлдү.

17-декабрга карата чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу деп мүнөздөлүүдө.

Чек ара кызматы жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого, кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды курчутпоого жана тиешелүү органдар менен түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырат.

УКМКнын басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх