Каракол 2022-жылы КМШнын маданий борбору болот
Ысык-Көл облусунун административдик борбору Дүйшөмбүдөн өттү
Ысык-Көл облусундагы Каракол шаары Дүйшөмбүдөн расмий түрдө эстафетаны алып, 2022-жылы Шериктештиктин маданий борбору болот.
18-декабрда С.Айни атындагы Тажикстан мамлекеттик академиялык опера жана балет театрында “Душанбе – КМШнын маданий борбору – 2021” жылынын жабылыш аземи жана 2022-жылдагы эстафетаны Каракол шаарына тапшыруу аземи болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Каракол шаарына эстафетаны салтанаттуу түрдө тапшырган КМШнын Аткаруу комитетинин төрагасынын орун басары – Аткаруучу катчысы Бекетжан Жумаханов жана Дүйшөмбү шаарынын төрагасынын орун басары Амирхон Курбонзода сөз сүйлөштү. Кыргыз тараптан Кыргыз Республикасынын Татарстан Республикасындагы Элчилигинин кеңешчиси Медер Соорбеков куттуктоо сөз сүйлөп, Каракол 2022-жыл үчүн бардык социалдык жана маданий аспектилер боюнча индикатордук болорун белгиледи.
Маалымат үчүн: КМШ мамлекет башчыларынын 2020-жылдын 18-декабрындагы чечими менен 2022-жылы Кыргыз Республикасынын Ысык-Көл облусундагы Каракол шаары КМШнын 2022-жылдагы маданий борбору болуп жарыяланган. Маданий борборлордун максаты - диалогду өнүктүрүү жана Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн маданий потенциалын бириктирүү.
КРнын ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www