Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

УКМК: Аскар Акаевге жаңы айыптар тагылды

УКМК экс-президентке козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу маалыматты четке какты. Анын кетиши тергөөчү менен макулдашылган

“Кумтөр” боюнча, анын ичинде биринчи президент Аскар Акаевдин ишин иликтөө уланууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына УКМКнын басма сөз борборунан билдиришти.

Айтылгандай, Акаевге жаңы айып тагылган - 1992-жылы "Камеко" компаниясы менен Башкы келишим түзүү жана 2003-жылы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо эпизоддору боюнча.

Экс-президент жогорудагы кылмыштарды жасоодо күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, тергөө менен активдүү кызматташып жатканы белгиленген. Анын Бишкекке келиши, Кыргызстандан чыгып кетиши тергөөчү менен алдын ала макулдашылган.


«Кылмыш ишинин тергөө амалдары уланып, «Кумтөр» долбоорун ишке ашырууга байланышкан кылмыштардын башка фактылары аныкталууда», — деп айтылат УКМКнын маалыматында. - Жүргүзүлгөн тергөө аракеттеринин жыйынтыгы боюнча иш боюнча айыпталуучуларга тиешелүү юридикалык баа берилет.

Демек, Аскар Акаевге козголгон кылмыш ишинин токтотулушу тууралуу жеке адамдар тараткан маалымат чындыкка дал келбейт.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин кызматкерлери өлкө жарандарын өзгөчө кызыктырган актуалдуу маселелер боюнча жалган маалыматтарды таратуудан жана коомчулукту адаштыруудан алыс болууга чакырат”.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх