Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда лидер аялдардын маалымат базасы түзүлөт

Кыргызстанда лидер аялдардын маалымат базасы түзүлөт. Бул тууралуу Бишкекте өткөн “Жогорку Кеңешке шайлоодо лидер аялдардын катышуусу: жыйынтыктар жана алынган сабактар” аттуу шайлоодон кийинки жыйындын алкагында БУУнун Аялдар уюмунун Кыргызстандагы программасынын жетекчиси Сагипа Жусаева билдирди.

«Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер болгон лидер аялдардын бүгүнкү шайлоодон кийинки жолугушуусу шайлоо өнөктүгү учурунда аялдардын басып өткөн жолуна кайрадан ой жүгүртүүгө мүмкүнчүлүк. Бул кезектеги шайлоо өнөктүгүнө чейин жакынкы беш жылда эмне кылуу керектигин түшүнүүгө мүмкүнчүлүк. Анткени биз аялдардын саясий лидерлигин жогорулатууну процесс катары карайбыз.
Бул шайлоо учурунда эмне жардам берди, кайсы жерде тоскоолдуктар болду, ким жардам берди, оппозицияда кандай күчтөр бар экенин түшүнүү үчүн ушундай платформалар талап кылынат. Бул кайра карап чыгуунун негизинде биз эмне кылуу керектиги боюнча идеяларды алабыз жана бул кийинки программалык иш-чараларды пландаштыруу үчүн негиз болот.


Экинчи маанилүү жагдай, биз лидер аялдар менен иштөөнү токтотпойбуз. Шайлоо чечимдерди кабыл алуу процессинде аялдардын санын көбөйтүүнү системалуу түрдө камсыз кылуу боюнча ири долбоордун этаптарынын бири гана. Ошондуктан биз лидер аялдардын маалымат базасын түзүп, аларды Жогорку Кеңешке келерки шайлоого даярдайбыз», - деди ал.
Санипа Жусаева белгилегендей, өткөн шайлоонун өзгөчөлүгү – шайлоо жарышына биринчи жолу катышкан жаңы лидер аялдардын көптүгү болгон.

«Көпчүлүк үчүн бул биринчи тажрыйба, алар баратып үйрөнүштү. Биз бир катар тренингдерди өткөрдүк, бирок бул билимди колдонууга көбүрөөк убакыт кетти. Каражаттын тартыштыгынан шайлоо өнөктүгүн баштоо да кыйынга турду, агитаторлорду жалдоого, шайлоочуларды кыдырууга акча жок. Аял-талапкерлер өздөрүн жарнамалоо үчүн социалдык тармактарды колдонушкан жана шайлоочулар менен физикалык байланыш жетишсиз болгон.
Партия мүчөлөрүнүн ортосунда ички күрөш жүрүп, айрым лидер аялдар “аялдарга саясатта орун жок” деген стереотипти баштан кечиришти. Бул жаатта баарыбыз талыкпай иштешибиз керек, анткени саясатта аял болуш керек.

Эмнегедир саясатта болуш үчүн эркекке талаш-тартыштын кереги жок. Аял жөнүндө сөз баштаганда аргументтер үчүн абдан аракет кылышыбыз керек. Бул абал акыл-эске карама-каршы келет. Биздин өлкөдө аялдар эркектерге караганда көбүрөөк экенин эске алсак, алардын өкүлчүлүгү эркектер менен бирдей болушу керек. Ошол эле учурда жергиликтүү коомчулук аялдын парламентке келишин ар дайым эле жакшы кабыл алган эмес», - деди ал.

Шайлоодон кийинки жолугушууну Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Кыргызстандагы БУУ-Аялдар уюму менен биргеликте ноябрь айында өткөн Жогорку Кеңешке шайлоонун жыйынтыгы боюнча уюштурду. Жыйынга жергиликтүү кеңештердин айым-депутаттары, эксперттер жана өткөн КР ЖК депутаттарын шайлоого катышкан аялдар катышты.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх