Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Памирлик кыргыздар үчүн атайын шаарчанын курулушу келерки жылы башталат

Садыр Жапаров бул үчүн Чоң-Алай районундагы Бурган-Суу участогун бөлүп берди

Чоң-Алай районунда Памир кыргыздары үчүн атайын шаарча курулат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев Алай районунун Талды-Суу айылында жашаган памирлик кыргыздар менен болгон жолугушууда билдирди.

 «Президент Садыр Жапаров Чоң-Алай районунун Кашка-Суу айыл өкмөтүнө караштуу Бурган-Суу тилкесин бөлүп берип, Памирде калган этникалык кыргыздарды көчүрүү үчүн атайын шаарча курууга капсула салды. Иш азыр уланууда.

Быйылкы жылы Чоң-Алай районуна министрликтин бюджетинен 10 миллион сом бөлүнүп, 70 гектар жерди трансформациялоо, айылдын башкы планын түзүү, инженердик-архитектуралык пландоо иштери бүткөрүлдү.

Курулуш иштери келерки жылы башталат. Бул иш-чара 2026-жылга чейин министрлер кабинетинин стратегиялык өнүгүүсүнүн Улуттук программасына киргизилген», - деди министр.

Базарбаевдин Алай районуна болгон жумушчу сапарынын алкагында памирлик кыргыздарга азык-түлүк жана кышкы кийимдер түрүндө гуманитардык жардам берилди.

сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх