УКМК Орусиядан Кыргызстандын түштүгүнө ташылып келген контрабандалык баңги затын аныктады.
Азыр коопсуздук кызматкерлери жүктүн кайдан келгенин жана чыныгы ээлерин тактап жатышат
22-декабрда УКМКнын кызматкерлери тарабынан «Чоң-Капка авто жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунан дары-дармектерди жана уюлдук телефондорду алып өтүүгө аракет кылып жаткан учурда КР жараны «М.М.К» башкарып бара жаткан «Вольво» үлгүсүндөгү унааны кармашкан.
Автоунааны текшерүү учурунда болжол менен 1500-2000 кутуча дары-дармектер жана 348 даана уюлдук телефондор, алдын ала жалпы суммасы 50 миллион сомдон ашык өсүмдүк майы түрүндөгү товарлардын астына катылган. Ошол эле учурда бул товарлардын түрлөрүнө тиешелүү документтери жок болуп, дары-дармектерди ташуудагы милдеттүү шарттар аткарылган эмес.
Белгилей кетсек, бул унаа Орусиядан келип, республиканын түштүк облустарын көздөй бара жаткан.
Учурда бул фактынын жагдайларын тактоо, анын ичинде контрабандалык жүктүн келип чыгышын жана иш жүзүндөгү ээлерин аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК басма сөз борбору
УКМК сүрөтү