Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президенттик администрация Акаевдин Путин тууралуу айткан сөзүнө комментарий берген жок

Буга чейин биринчи мамлекет башчысы анын сапары Орусия лидери менен макулдашылганын билдирген

Президенттик аппарат Vesti.kg сайтына биринчи мамлекет башчы Аскар Акаевдин Кыргызстанга иш сапары Кыргыз Республикасы менен Россия Федерациясынын жетекчилеринин деңгээлинде макулдашылган деген сөзү боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Эске сала кетсек, буга чейин Vesti.kg сайтына Акаевдин Кыргызстанга Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун ортосундагы келишимдердин алкагында учуп келгени тууралуу сөздөрү айтылган.

«Менин сапарым тууралуу маселе Россия менен Кыргызстандын лидерлери Владимир Путин менен Садыр Жапаровдун деңгээлинде макулдашылган. Мен Владимир Владимировичке Россия Федерациясында мага ушунчалык меймандос мамиле кылгандыгы учун чексиз ыраазымын. Мен бул жерде 16 жылдан бери иштеп келем, менин үй-бүлөм үчүн эң ыңгайлуу шарттар түзүлдү», - деди ал.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх