Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эркиндик бульварындагы ок атуу жана массалык мушташ. Милиция шектүүлөрдү кармады (фото)

Шаардын борборундагы мушташтын катышуучулары Бишкек шаардык ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди

Бишкек шаардык криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери ок атуучу курал колдонуу менен бейбаштыкка шектелгендерди кармашты.

Эскерте кетсек, 22-декабрда саат 20:58дер чамасында Бишкектин Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Эркиндик бульварында мушташып, атышуу болгондугу тууралуу маалымат түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөп кетти. Алдын ала маалыматтарга караганда, белгисиз адамдардын тобунун ортосунда ок атуучу курал колдонуу менен жаңжал чыккан. Окуя болгон жерди кароо учурунда газ-травматикалык тапанчадан болжол менен 3 даана гильза, ошондой эле аңчылык мылтыгынан болжолдуу 3 даана башка гильзалар табылган.

Бул факты Бишкек шаарынын ШИИБсына катталып, КР Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (Бейбаштык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек ШИИБнин МККнын ыкчам кызматкерлери тарабынан шаардын аймагынан чыр-чатакка жана атышууга катышкан делген жарандар: М.А. 1983-жылы туулган А.Г. 1988-жылы туулган А.Т. 1987-жылы туулган А.Т. 1993-жылы туулган Д.Н. 1991-жылы туулган  1988-жылы туулган А.Т.кармалган .

Ошондой эле, «Сайга-12» маркасындагы жылмакай сайлуу мылтык алынып, уруксаты бар, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кармалган адамдар тергөө кызматына жеткирилип, КР Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИБдин ИИМдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.


Учурда кылмыш иши боюнча калган айыпталуучулардын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.

фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх