Белгилүү окумуштуу, кыргыз тарыхын изилдөөчү Юлий Худяков дүйнө салды
Көрүнүктүү археолог 74 жашта болчу
Бир нече күн мурун байыркы кыргыз тарыхынын көрүнүктүү адистеринин бири, тарыхчы жана археолог Юлий Худяков каза болду. Окумуштуу 74 жашта болчу.
Худяков Азиянын көчмөн элдери, анын ичинде кыргыздар, алардын курал-жарактары жана материалдык маданияты жөнүндө 30дан ашык китеп жана көптөгөн макалаларды жазган.
Хакасияда, Краснояр крайында, Тувада, Тоолуу Алтайда, Монголияда жана Кытайда жүргүзгөн археологиялык экспедицияларынын жыйынтыгына таянып, бул мейкиндикте кыргыздардын материалдык маданиятынын окшоштугун көрсөткөн. Анын «VI—XII кылымдардагы Енисей кыргыздарынын куралдануусу» деген монографиясы 1980-жылдагы басылышы кыргыз тарыхын изилдөөчүлөр үчүн негизги эмгектердин бири. Окумуштуу III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланган.
Vesti.kg сайтынын редакциясы Юлия Худякованын үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
сүрөт www