Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Кош бол Гүлсары!» повестинин негизинде радиоспектакль немис тилинде уктурулду

Берүү Германиянын "MDR Kultur" радиостанциясында өттү

Германиянын “MDR Kultur” радиостанциясы көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Ч.Айтматовдун “Кош бол, Гүлсары!” повестинин негизинде радиоспектакль немис тилинде уктурулду.

Германиянын «MDR Kultur» («Mitteldeutscher Rundfunk») радиостанциясы 25 жана 26-декабрда көрүнүктүү кыргыз жазуучусу Чынгыз Айтматовдун «Кош бол, Гүлсары!» повести боюнча радиоспектакль  немис тилинде уктурулду. Эки бөлүктөн турат (https://www.mdr.de/kultur/radio/tschingis-aitmatow-abschied-von-guelsary-hoerspiel-100.html).

Радиоспектакль  Хайке Таух койгон, негизги ролдорду немис актерлору жана артисттери ойношкон.

“MDR Kultur” программасынын атайын чыгарылышынын алкагында Берлиндеги кыргыз-немис маданий коомунун өкүлү Махабат Садырбек жана германиялык актёр Феликс Гезердин катышуусунда жогоруда айтылган иштер боюнча пикир алмашуу болду.

Айтматовдун чыгармалары немис тилине которулуп, немис окурмандарынын арасында популярдуу. Бүгүнкү күндө Айтматовдун немис тилиндеги атактуу чыгармаларынын баары Германиянын китеп дүкөндөрүндө бар.

КРнын ТИМ маалымат бөлүмү
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх