Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынан беш мектеп окуучусу Садыр Жапаровго белек сурап кат жазышкан. Аларды алдым

Үч бала президенттен смартфон, экөө энциклопедия сурашкан

Ош шаарындагы беш мектеп окуучусу президент Садыр Жапаровго жаңы- жылдык белек сурап кат жазышты. Алардын үчөө смартфон, экөө энциклопедия сурашкан. Мамлекет башчысы өспүрүмдөрдүн каалоосун аткарып, белектерин тапшырды. Бул тууралуу түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

27-декабрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов мектеп окуучулары менен жолугушуп, Садыр Жапаровдун белектерин тапшырды. Балдарга мамлекет башчынын тартуулоосунан тышкары таттуулар да тартууланды. Мындан тышкары, жергиликтүү мэр мектеп окуучуларынын алдыдагы пландарын угуп, окууларына ийгиликтерди каалады.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх