Медербек Саккараев депутаттык мандат алат
Жогорку Сот БШКнын чечимин колдогон жок
Жогорку Сот БШКнын Чүй-Кемин району боюнча депутаттыкка талапкер Медербек Саккараевди мандатынан ажыратуу чечимин колдогон жок. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын ыйгарым укуктуу өкүлү Чыңгыз Алмасбеков билдирди
Анын айтымында, Жогорку Сот Саккараевдин арызын канааттандырган.
«Жогорку сот административдик соттун чечимин жокко чыгарды», - деп баса белгиледи Алмасбеков. - Медербек Саккараев депутаттык мандатын алат.
Vesti.kg сайты да Жогорку Соттун басма сөз кызматына комментарий берүүнү суранып, бул маалыматты тастыкташты.
Эскерте кетсек, 18-декабрда БШК Чүй-Кемин районуна талапкер Медербек Саккараевди каттоону жокко чыгарган. Мындай чечим Саккараевдин башка жарандыгы (Казакстан) жок экендиги тууралуу толук маалымат бербегендигине байланыштуу кабыл алынган. Бул маселе боюнча административдик сотто талаш-тартыш болгон. Бирок биринчи инстанция БШКнын чечимин колдоду.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www