Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин конуштарынын тургундарына акчага техникалык паспортторду каттоого жардам берүүнү убада кылган алдамчыларга каршы эскертүү берилди

Мэрия бул маселелер менен жер-жерлердеги топтор гана алектенерин эскертет

Урматтуу калктуу конуштардын тургундары! Белгилүү бир акчага техникалык паспорт даярдоого жардам берем дегендерге ишенбөөнү суранабыз. Алар шылуундар.
 
Бишкек мэриясы документти даярдоого мобилдик топтор тартылып, алар сурамжылоо жүргүзүп, андан соң уруксатсыз турак жай курулган жер тилкелерине Техникалык паспорт даярдап жатканын эскертет. Ошондой эле шаардыктар Мамлекеттик реестрге түз байланышып, техникалык паспорт даярдоо үчүн арыз калтырса болот.
 
“Кадастр” мамлекеттик мекемесинин акыркы маалыматы боюнча 28-декабрга карата 362 техникалык паспорт берилген. Бардыгы болуп 1070 арыз кабыл алынып, 8 учурда баш тартылган, 596 техникалык паспорт даярдалган.

Эске салсак, техникалык паспортторду берүү боюнча мобилдик топтор 7-декабрдан тарта ишин баштаган.
 
Техникалык паспортту даярдоо легалдаштырууга укук бербейт - ал кыймылсыз мүлк жөнүндө техникалык маалыматты гана камтыйт. Бул документ жер тилкелерин мыйзамдаштыруу боюнча көйгөйлөрдү чечүүнүн алгачкы этаптарынын бири болуп саналат.

Урматтуу жарандар! Расмий маалымат булактарына гана ишенүүнү суранабыз. Мыйзамсыз аракеттерге күбө болсоңуз, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын нөөмөт бөлүмүнө 0312 437175, 0312 437168 телефондору аркылуу кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.

Документти толтуруу үчүн талап кылынуучу документтердин тизмеси төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү: https://www.meria.kg/ru/post/23317
 
Бишкек шаарынын мэриясы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх