Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Владимир Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жылы менен куттуктады

РФнын Президенти Кыргыз Республикасынын жарандарына тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады

Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жаңы жыл менен куттуктады

«2021-жыл достук, союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк принциптерине негизделген орус-кыргыз мамилелеринин оң динамикасы менен белгиленди. Соода-экономикалык, гуманитардык жана аймактар аралык байланыштар, евразиялык интеграциялык процесстердин алкагында өз ара кызматташуу, коронавирус пандемиясына каршы күрөштө күч-аракеттерди бириктирүү күчөтүлдү.

Биз Россия менен Кыргызстандын ортосундагы көп кырдуу кызматташтыкты — элдерибиздин бакубатчылыгы үчүн, Борбордук Азия чөлкөмүндө туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоо кызыкчылыгында мындан ары да ийгиликтүү жүргүзө берерибизге ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Владимир Путин Садыр Жапаровго ден соолук жана ийгилик, ал эми бардык кыргызстандыктарга тынчтык жана өсүп-өнүгүүнү каалады.

Президенттик аппараттын маалымат кызматы

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх