Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖККУнун тынчтыкты сактоочу күчтөрү Казакстанга жөнөтүлдү (видео)

Тынчтыкты сактоочу күчтөрдүн курамына Россия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү кирген

Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрү Казакстанга жөнөтүлдү. Бул тууралуу ТАСС билдирет.

Тынчтыкты сактоо контингентинин россиялык бөлүгүнүн алдыңкы бөлүктөрү «алдын ала берилген тапшырмаларды аткарууга киришти» деп белгиленген.

«ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин 2022-жылдын 6-январында кабыл алынган чечимине ылайык, кырдаалды турукташтыруу жана нормалдаштыруу үчүн ЖККУнун жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрү чектелген мөөнөткө Казакстан Республикасына жөнөтүлдү», — деп билдирди катчылык.

Уюмдун маалыматы боюнча, тынчтык орнотуучу күчтөрдүн курамына Орусия, Беларусь, Армения, Тажикстан жана Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн бөлүктөрү кирген.

«ЖККУнун жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн негизги милдеттери болуп маанилүү мамлекеттик жана аскердик объектилерди коргоо, Казакстан Республикасынын укук тартибин коргоо күчтөрүнө кырдаалды турукташтырууда жана аны укуктук талаага кайтарууда көмөк көрсөтүү саналат», - деп айтылат билдирүүдө. ЖККУ баса белгиледи.

Орусиянын Аскер-аба-десант күчтөрү Казакстанга жөнөтүлгөн ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн курамына кирди, Аэрокосмикалык күчтөрдүн учактары аларды республикага өткөрүп берди, деп билдирди уюмдун катчылыгы.

«Орусия Федерациясынан ЖККУнун Жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүнүн курамына Аба-десанттык күчтөрүнүн бөлүмдөрү жана аскер бөлүктөрү кирди. Учурда Россиянын Аэрокосмикалык күчтөрүнүн аскердик-транспорттук авиациясынын учактары тынчтык орнотуучу контингенттин россиялык бөлүгүн Казакстан Республикасынын аймагына өткөрүүдө», - деп айтылат билдирүүдө.

Фото www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх