Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңеш жактырса Кыргызстан ЖККУнун алкагында Казакстанга аскер жөнөтөт

"Кыргызстандык аскер кызматкерлери коңшу өлкөдөгү массалык нааразычылыктардын катышуучуларна байланыштуу эч кандай аракеттерге катышпайт"

Жогорку Кеңеш тарабынан жактырылса, ЖККУнун Уставына ылайык, Кыргыз Республикасынын аскер кызматкерлери коллективдүү күчтөрдүн курамында Казакстан Республикасына жөнөтүлөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Аскердик күчтөр жалаң гана тынчтык орнотуу иштерине жөнөтүлөрү белгиленген.

«Стратегиялык маанидеги объектилерди коргоону камсыздоого Кыргызстандын тынчтык күчтөрү тартылат. Биз өзгөчө белгилейбиз, кыргызстандык аскер кызматкерлери коңшу өлкөдөгү массалык нааразычылыктардын катышуучуларна байланыштуу эч кандай аракеттерге катышпайтт», - деп билдирди басма сөз кызматы.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх