Темирлан Султанбеков Акылбек Жапаровго: 2010-жылы Таластан аялдын кийимин кийип качып кеткенсиз
Саясатчы министрлер кабинетинин төрагасы кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөтүлүшү боюнча А. Жапаровго ачык кайрылуу жөнөттү
"Социал-Демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго ЖККУнун курамындагы кыргыз аскерлеринин Казакстанга жөнөтүлүшү боюнча ачык кайрылуусун жарыялады. Анда саясатчы 2010-жылдын 6-7-апрелинде Акылбек Жапаровдун Таласка аскерлер менен “тынчтык миссиясын” аткарып барганын, андан кийин аялдын кийимин кийимин кийип качып кетүүгө аргасыз болгонун эскерткен.
-Акылбек Үсөнбекович, мындан 12 жыл мурун да, жолборс жылында, 2010-жылдын 6-7-апрелинде Таласка аскерлер менен “тынчтык миссиясын” аткарып баргансыз, ошондо аялдын кийимин кийип качып кеткен экенсиз, ал эми жоокерлер элдин кысымы астында калган.