Камчыбек Ташиев: Биздин аскерлер Казакстандын мамлекеттик маанилүү объектилерин гана коргойт
«Алар бизден жардам сурап жатышат. Биз өз кезегинде бул жардамга колун сунабыз”
Кыргыз армиясы Казакстандагы мамлекеттик маанилүү объектилерди гана коргойт. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев бүгүнкү жыйында билдирди.
Анын айтымында, учурда коңшу өлкөдө абал аздыр-көптүр турукташып калды.
«Макулдашуу боюнча биздин аскерлер мамлекеттик маанилүү объектилерди гана кайтарат», - деди Ташиев. - Митингдерди таркатууга, тартипти орнотууга эч кандай катышпайт. Алар бизден жардам сурап жатышат. Биз өз кезегинде бул жардам колун сунабыз.
Канышай Балкыбекова
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз