Казакстанда террордук коркунучтун “критикалык кызыл” деңгээли киргизилди
Өлкөнүн бардык аймактарында антитеррордук операция режими орнотулду
Казакстан боюнча террордук коркунучтун "критикалык кызыл" деңгээли киргизилди. Бул тууралуу казакстандык басылмалар Казакстан Республикасынын УКМКсына шилтеме берүү менен жазып чыгышты.
Алардын айтымында, өлкөнүн бардык аймактарында антитеррордук операция режими түзүлгөн.
«6-январда Нур-Султан шаарында Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы, генерал-майор Ермек Сагимбаев терроризмге каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын жыйынын өткөрдү. Анын буйругу менен Казакстан Республикасынын Президенти менен макулдашуу боюнча республика боюнча террористтик коркунучтун “критикалык кызыл” деңгээли киргизилген. Өлкөнүн бардык аймактарында антитеррордук операция режими орнотулду», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.
Министрликтин маалыматына караганда, мамлекеттик органдардын биринчи жетекчилери Казакстандагы кырдаалды турукташтырууга жана жеке адамга жана мамлекетке карата террордук коркунучту жоюуга багытталган чараларды көрүштү.
Сүрөт www