Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташиев жаңы депутаттарга: Азыр өзүн-өзү пиар кыла турган учур эмес. Силер жоопкерчиликти алганды үйрөнүшүңөр керек

УКМКнын башчысы каршы добуш берген эл өкүлдөрүн четте унчукпай турууга чакырды

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев Жогорку Кеңештин депутаттарын ЖККУнун алкагында аскер кызматкерлерин өзүн-өзү пиар кылбай жөнөтүү боюнча чечим кабыл алууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүнкү чукул жыйында билдирди.

Атайын кызматтын төрагасынын айтымында, жаңыдан дайындалган эл депутаттары мамлекеттик маанидеги чечимдерди кабыл алууда жоопкерчиликтүү болууга үйрөнүшү керек.

- Урматтуу депутаттар, азыр өзүңөрдү пиар кылган учур эмес! - деди ал. - Казакстан менен чек арадагы өткөрүү пункттары жабылууда. Ундун аздыгы же кымбаттаганы үчүн эртең элдин алдында ким жооп берет? Мамлекетти ойлошубуз керек. Биз көчөдөн келген адамдар эмеспиз. Элибиздин, республикабыздын жыргалчылыгы үчүн чечимдерди кабыл алабыз. Ал эми сиздер, жаңыдан шайланган эл депутаттары, жоопкерчиликти алганды үйрөнүш керек. Мамлекет башчы Садыр Жапаров башка президенттер менен биргеликте чечим кабыл алган. Кимдир бирөө каршы добуш берсе, өзүн пиар кылбай унчукпай отура берсин.

Канышай Балкыбекова
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх