Кыргызстандын Юстиция министрлиги Казакстанда Викрам Рузахуновдун кыйноо фактысы боюнча кылмыш ишин козгоону суранды
Министрлик Казакстандын күч түзүмдөрү Кыргызстандын консулдук кызматкерлеринин жана адвокаттарынын камактагы бардык КР жарандарына кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш деп билдирди
КР Юстиция министрлиги КР Башкы прокуратурасына Викрам Рузахуновго карата кыйноолорду колдонуу фактысы боюнча (КР Кылмыш-жаза кодексинин 137-беренеси – «Кыйноо») кылмыш ишин козгоо боюнча өтүнүч кат жөнөттү. Ошондой эле 2002-жылдагы Кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам көрсөтүү боюнча Кишинев конвенциясынын жоболоруна ылайык Казакстандын тиешелүү укук коргоо органдарынын кызматкерлерине карата зарыл болгон тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Казакстанга эл аралык буйрук-суроо-талап жөнөттү.
Бул кайрылууга Кыргызстандын жараны Викрам Розахуновдун физикалык кыйноолордун издери даана көрүнүп турган видеотасмасынын таралышынын фактылары, ошондой эле кылмышка катыштыгы бар деген маселе боюнча өзүн-өзү айыптоонун ачык фактылары негиз болгон.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин адвокаттарына жана консулдук кызматкерлерине кирүү мүмкүнчүлүгүн андан ары камсыз кылбаган учурда Викрам Розахуновду кыйноолор боюнча иш (ошондой эле массалык маалымат каражаттарында күнөөсүн мойнуна алдыруу боюнча видеотасмалардын массалык түрдө жайылышына байланыштуу жана социалдык тармактар жана башка мүмкүн болгон ушул сыяктуу учурлар) ошондой эле ар кандай кылмыштарды жасоодо жана болжолдуу окуяларга катышууда күнөөсүн негизсиз мойнуна алуу үчүн чет өлкөлүк жарандарга карата кыйноо практикасын масштабдуу жана/же системалуу колдонуунун көрсөткүчү болушу мүмкүн. 2022-жылдын январь айынын биринчи декадасында Казакстанда болгон.
Кыйноолорго тыюу салуу ар бир мамлекеттин абсолюттук эл аралык милдети болуп саналат.
Адистердин жана адвокаттардын кыйноонун болжолдонгон курмандыктары менен жолугушуудан баш тартуусу, эл аралык практикага ылайык, өзүн-өзү айыптоого жана оор кылмышты мойнуна алууга мажбурланган адамдарга карата физикалык кыйноолордун далилдерин жана изин жашыруу аракети катары каралат.
Казакстан Республикасынын күч органдары Кыргызстандын консулдук кызматкерлери менен адвокаттарынын Кыргызстандын бардык кармалган жарандарына, анын ичинде Викрам Розахуновго кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Кыргызстандын Юстиция министрлиги өзүнүн иш-аракеттерин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги жана башка ведомстволор менен координациялайт жана «адамдын жана жарандын укуктарын жана эркиндиктерин коргоону камсыз кылуу» милдеттеринин алкагында (КРнын 7-беренесинин 2-пункту) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 15.11.2021-жылдагы № 261 токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги жөнүндө» жобого) жогоруда көрсөтүлгөн жана башка жактарда адвокаттык жана башка юридикалык жардам көрсөтүү боюнча ишти демилгелейт.
КРнын Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы
Сүрөт www