Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Азырынча Казакстандагы бир дагы кыргызстандык аскер кызматкери жапа чеккен жок

КРнын аскер кызматкерлери коңшу республикадагы мамлекеттик объектилерди коргоону улантууда

ЖККУнун бейпилдик күчтөрүнүн курамында Казакстанга жөнөтүлгөн кыргызстандык аскер кызматкерлери мамлекеттик объектилерди коргоону улантууда. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КР Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, учурда бейпилдик күчтөрүнүн арасында жабыркагандар жок.

«Жабыркагандар жок», - деп жооп берди департамент. - Аскер кызматкерлери мамлекеттик объектилерди кайтарууну улантууда. Кызматтын мөөнөтү тактала элек.

Эскерте кетсек, 7-январда парламент Кыргызстандын бейпилдик күчтөрүн Казакстанга жөнөтүүнү жактырган. 69 эл өкүлү макул деп добуш берген.

Канышай Балкыбекова
сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх