КРнын ИИМи Казакстанда башаламандык учурунда канча кыргызстандык кармалганын азырынча билбейт
Учурда Ички иштер министрлиги бул маалыматты тактоодо
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Казакстандагы массалык нааразылык акцияларында кармалган кыргызстандыктар тууралуу маалыматты тактап жатат. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Башкармалыктын маалыматы боюнча, учурда бир гана кармалган адам белгилүү.
«Учурда кармалган Кыргызстандын бир жараны – музыкант Викрам Рузахунов тууралуу белгилүү», - деп жооп берди ИИМ. - Казак басылмаларында камакка алынганы тууралуу маалымат тараган Закир Юбуров да камакка алынган болушу ыктымал. Туугандарынын айтымында, Юбуров Алматыда иштейт жана 7-январдан бери байланыша элек.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www