­
Акылбек Жапаров: Казакстандагы окуяларга байланыштуу террористтер башка мамлекеттерге өтүп кетиши мүмкүн - Вести.kg - Новости Кыргызстана
Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров: Казакстандагы окуяларга байланыштуу террористтер башка мамлекеттерге өтүп кетиши мүмкүн

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Казакстан Республикасынын бийлигинен кыргызстандыктарды кармоо боюнча ар бир ишти мыйзам чегинде кароону суранды

Казакстандагы окуяларга байланыштуу террорчулардын коңшу мамлекеттерге чек арадан өтүп кетүү коркунучу бар. Бул тууралуу ЖККУнун онлайн жыйынында КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Казакстанда террористтер баш аламандык атмосферасын түзүштү», - деди ал. «Биз тополоңдун алгачкы күндөрүнөн эле коңшу өлкөдө болуп жаткан окуяларга тынчсыздануу менен көз салып турдук. Терроризмдин бардык көрүнүштөрүнө каршы экенибизди белгилеп кеткибиз келет».

Жапаров кесиптештерине Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жардам сураары менен Кыргыз Республикасынын башчысы Садыр Жапаров дароо эле коңшу өлкөгө аскер контингентин жөнөтүүнү чечкенин айтты.

«Кийинчерээк парламент дагы бул чечимди көпчүлүк добуш менен колдоду», - деп кошумчалады министрлер кабинетинин төрагасы. Биз Казакстандагы кырдаалды турукташтыруу үчүн мындан ары да күч-аракетти жумшоого даярбыз», - деди ал.

Акылбек Жапаров казак бийлигине кайрылып, кыргызстандыктарды кармоо боюнча ар бир ишти мыйзам чегинде кароону өтүндү.

«Социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында массалык башаламандыктарга чет элдик жарандар, анын ичинде кыргызстандыктар да катышуусу мүмкүн деген маалыматтар пайда болууда», - деди ал. «Ошондуктан биз ар бир ишти Казакстан Республикасынын мыйзамдарынын жана эл аралык укуктун алкагында кароону суранабыз», - деп жыйынтыктады Жапаров.

Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх