Казакстандык блогер ЖМКлардагы жалаа үчүн кыргызстандыктардан кечирим сурады (видео)
Коңшу республиканын таасирдүү өкүлдөрү чагымчылдыкка алдырбоого жана бир туугандык мамилени сактоого чакырды
Казакстандык блогер Разия социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жалган жалаа үчүн Кыргызстан элинен кечирим сурады.
Ал Казакстандагы тополоңдо кыргыз элинин колдоосун жогору баалай турганын баса белгиледи.
«Мен кыргыздарга жана Кыргызстанга жалаа жабылган бир дагы макаланы аягына чейин окуган жокмун», - дейт кыз. - Мен өзүм Кыргызстанды абдан жакшы көрөм. Тополоңдун биринчи күнүнөн тартып эле кыргыз эли мага кат жазып, бизди колдоду. Мен аны абдан баалайм. Өзүмдүн атымдан кечирим сурайм.
Канышай Балкыбекова
фото www
Узнать больше: https://vesti.kg/obshchestvo/item/95184-blogersha-iz-kazakhstana-izvinilas-pered-kyrgyzstantsami-za-klevetu-v-smi-video.html - Блогерша из Казахстана извинилась перед кыргызстанцами за клевету в СМИ (видео) - VESTI.KG - Новости Кыргызстана