Райымбек Матраимов африканын айылын суу менен камсыз кылды (видео)
Жергиликтүү тургундар «Матраимовдун үй-бүлөсү» деген жазуусу бар кудуктун жанына чогулушту
Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов африкалык айылдардын бирине суу берүү үчүн каражат бөлдү. Тиешелүү маалыматты Матраимовдун өкүл баласы Мунарбек Сайпидинов Instagram социалдык тармагындагы баракчасына билдирди.
Ал жергиликтүү тургундар кудуктун айланасына чогулуп, жанында «Матраимовдордун үй-бүлөсү» деген жазуу орнотулган видеону жарыялады.
Кошумчалай кетсек, таблицада Африка өлкөлөрүндө кайрымдуулук каражаттардын эсебинен долбоорлорду куруп жаткан Рахма фондунун аты көрсөтүлгөн.
Сүрөт www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз