Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда ERIK долбоорунун алкагында 30 мектеп курулуп, реконструкцияланат

Тандалган мектептер жер титирөөгө кооптуу жана ички ажатканалары жок

ERIK долбоорунун алкагында реконструкциялоо жана куруу боюнча 30 мектептин тизмеси ведомстволор аралык жумушчу топтун отурумунун жыйынтыгында бекитилди. Жыйын 2021-жылдын 26-ноябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде өттү.
 
Бул тизмеге өлкөнүн бардык аймактарынан мектептер кирет. Тандалган мектептердин 14ү бузулуп, кайра курула турган авариялык абалда. Алардын дээрлик бардыгы көптөн бери капиталдык оңдоодон өткөн эмес, бул мектептер сейсмикалык туруктуулук жагынан кооптуу. Алардын көбү ички ажатканасыз иштешет.
 
Тандалган окуу жайлары сейсмикалык коопсуздуктун жана энергиянын натыйжалуулугунун талаптарын эске алуу менен капиталдык реконструкциялоодон жана курулуштан өткөрүлөт, суу менен камсыздоо, санитардык-гигиеналык системалар, анын ичинде ички дааратканалар курулат.
 
Эске салсак, Бүткүл дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган ERIK долбоорунун алкагында коопсуз билим берүү чөйрөсүн түзүүдө Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө колдоо көрсөтүлүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын жер титирөө эң кооптуу аймактарында жайгашкан 10 мектепти куруу жана реконструкциялоо үчүн долбоордук документтерди даярдоо иштери жүрүп жатат.
 
Ведомстволор аралык жумушчу топтун курамына мамлекеттик кызматкерлер жана курулуш адистери кирет.
 
Билим берүү мекемелерин тандоо бир нече этап менен жана Дүйнөлүк банк тарабынан иштелип чыккан жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашылган критерийлердин негизинде жүргүзүлдү.
 
Тандоодо курулуш аянтчасынын сейсмикалуулугу, анын структуралык түрү жана аялуулугу, мектепти толтуруу жана табигый кырсыктарга туруктуулукту жогорулатуу үчүн үнөмдүүлүк сыяктуу параметрлер эске алынган.
 
«Билим берүү жана илим министрлиги үчүн өлкөнүн билим берүү мекемелеринин инфраструктурасын жакшыртууда Дүйнөлүк банктын колдоосу абдан маанилүү. ERIK долбоорунун аркасында мектептерибиз сейсмикалык коопсуздуктун заманбап стандарттарына жооп берген жаңы имараттарга ээ болуп жатканына кубанычтабыз”, - дейт Билим берүү министрлигинин башчысынын орун басары Надира Жусупбекова.
 
«ERIK Долбоорунун компоненттеринин бири мектеп имараттарын ийкемдүү кылуу аркылуу балдар үчүн коопсуз жана жакшыртылган чөйрөнү камсыз кылууга багытталган. Биздин долбоор өзгөчө кырдаалдарга дуушар болгон 10 мектепте иштеп жатат. Ал эми экинчи этапта дагы 30 мектепти реконструкциялоону пландап жатабыз. Биз бул долбоорго жумшалган каражат мектеп окуучуларынын максималдуу билим алуусун камсыз кылууга аракет кылабыз», - дейт КР ӨКМнин алдындагы ИИБнын директору Жылдыз Токторбаева.
 
КРнын БИМ басма сөз кызматы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх