ЖКнын жаңы вице-спикери мурдагы эки депутат жана Канат Исаевдин мурдагы жубайы болду
Төраганын шайланган орун басарлары ишеним көрсөткөнү үчүн кесиптештерине ыраазычылык билдиришти
Парламент үч вице-спикерди шайлады. Жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча төмөнкү адамдар төраганын орун басары болушту:
Нурбек Сыдыгалиев "Ишеним" партиясынан - мурдагы чакырылыштын депутаты, Жамиля Исаева "Ата Журт Кыргызстан" партиясынан - саясатчы Канат Исаевдин экс-жубайы, ал мурда банк системасында, андан кийин Соттук өкүлчүлүк борборунда иштеген. Улан Примов парламенттин үчүнчү вице-спикери болду.
Шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин төрага Талант Мамытов орун басарларын анын жанындагы орундарга отурууга чакырды. Вице-спикерлер кесиптештерине көрсөткөн колдоосу жана ишеними үчүн ыраазычылык билдиришти.
Сүрөт www