Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Тажикстан менен чек арада аткезчилик жүк ташуучу чек арачыларды көрүп, унаасын таштап качып кеткен

Алгач айдоочу ылдамдыгын жогорулатып, чек ара кызматкерлерден жашынууга аракет кылган

Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары Ички иштер министрлигинин кызматкерлери менен биргеликте чек арадан мыйзамсыз жүк алып өтүүнү токтотушту.

Ошентип, 11-январь күнү Баткен облусунун Лейлек районунун Жаштык айылында КР УКМКнын чек ара отрядынын жана ИИМдин кызматкерлери тарабынан «Мерседес-Бенц Спринтер» үлгүсүндөгү унаа табылган. Чек арачыны көргөн айдоочу ылдамдыгын жогорулатып, алыстап кеткен, бирок кийинчерээк Кожобакырган каналынын боюндагы жолдо токтотулган.

Айдоочу унаасын таштап, Тажикстандын аймагына  качып кеткен.

Автоунааны текшерүүдө контрабандалык жүк – тиешелүү документтери жок 2,5 тонна Аммофос жер семирткичтери табылган.

Айдоочу чек ара бекеттеринен тышкары Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жүк ташууга аракет кылган.

12-январь күнү Лейлек районунун Максат айылында Чек ара кызматы менен УКМКнын чек ара отрядынын кызматкерлери тарабынан КР жараны 1986-жылы туулган Н.С.нын башкаруусундагы Мерседес-Бенц Спринтер үлгүсүндөгү унаа кармалган.

Унааны текшерүү учурунда контрабандалык жүк – 2 тонна лимон табылган.

Айдоочу дагы Тажикстандан Кыргызстанга мыйзамсыз жүк алып өтүүгө аракет кылган.

Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулгандан кийин айдоочу жана жүк кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

УКМКнын ПК маалымат жана байланыш башкармалыгы
Сүрөт www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх