Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берип жатат
Парламентарий кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча тергөөчүгө чакырылган
Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров Башкы прокуратурада сурак берүүдө. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы билдирди.
Белгиленгендей, парламентарий кыргыз-тажик чек ара маселеси боюнча чакырылган.
Эске салсак, 2021-жылдын 23-октябрында президент Садыр Жапаров маалымат жыйынында Кыргызстан чек араны делимитациялоо маселелерин чечүүнү улантып жатканын баса белгилеген.
«Мен чек ара маселесин бүгүн да чечүүгө даярмын», - деди мамлекет башчы анда. «Бирок, чечим бизден көз каранды эмес. Бул көйгөй 30 жылдан бери уланып келет. Мен Коопсуздук кеңешинин статс-катчысы болуп турганда Адахан Мадумаров кол койгон протокол менен тааныштым. Документте тажик тарапка 275 метр жерибизди бергенбиз деп жазылган. Андан кийин алар булаймакты 49 жылга ижарага алышкан. Мен бул документтин юридикалык күчү жок деп ырастайм.
Президент Тажикстан менен үч көйгөйлүү аймак бар экенин белгиледи: Төрт-Көчө, Ворухка баруучу жол жана Лейлек районундагы тилке.
Канышай Балкыбекова
сүрөт www